Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫ – баалуу кагаздарды жүгүртүү жагдайы боюнча мамилелердин жыйындысы; каржылык базарлардын бири. Б. к. б-н жөнгө салуу төмөнкүлөрдү болжолдойт: а) Б. к. б-нын эмитент-теринин, кесипкөй катышуучуларынын ишмердигине жана анын стандарттарына милдеттүү талаптарды аныктоо; б) эмиссиялык баалуу кагаздарды жана эмиссиялардын проспекттерин чыгарууну каттоо жана эмитенттердин андан каралган шарттарды жана милдеттенмелерди сакташын көзөмөлдөө; в) Б. к. б-нын кесипкөй катышуучуларынын ишмердиктерин лицензиялоо; г) ээлеринин укуктарын коргоо жана алардын укуктарын Б. к. б-нын эмитенттеринин жана кесипкөй катышуучуларынын сакташына көзөмөл тутумун түзүү; д) тийешелүү лицензиясы жок Б. к. б-нда ишкердикти ишке ашыруучу адамдарга тыюу салуу жана ишине бөгөт коюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНДА СООДАНЫ УЮШТУРУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарында: баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ортосунда жарандык-укуктук келишимдердин түзүлүшүнө түздөнтүз өбөлгө болуучу кызматтарды көрсөтүүчү кесиптик ишмердиктердин бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын жогоруда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздар базарында сооданы уюштуруучу деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНЫН КЕСИПКӨЙ КАТЫШУУЧУЛАРЫ – баалуу кагаздар базарында бир же бирнече кесиптик иш жүргүзүүгө атайын уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНЫН КЕСИПКӨЙ КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ӨЗАЛДЫНЧА ЖӨНГӨ САЛЫНУУЧУ УЮМДАРЫ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мыйзамга ылайык аракет кылуучу жана коммерциялык эмес уюмдар принцибинде иштей турган баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ыктыярдуу бирикмеси. Баалуу кагаздар базарын жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан берилген улуксаттын негизинде Б. к. б. к. к. ө. ж. с. у. статусу тапшырылат. Ал өз иш шарттарын камсыз кылуу, кесипкөйлүк адеп-актык калыптарын сактоо, баалуу кагаз ээлеринин жана уюм мүчөлөрү болуп саналган дагы башка кардарлардын кызыкчылыгын коргоо, баалуу кагаз аткарымдарынын эрежелери менен калыптарын белгилөө үчүн баалуу кагаздар базарынын катышуучулары тарабынан түзүлөт. Б. к. б. к. к. ө. ж. с. у-нын баардык кирешелери алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жумшалат жана ал анын мүчөлөрүнүн арасында бөлүштүрүлбөйт.